Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык соту «Кемпир-Абадды коргоо комитетинин» мүчөсү Мамбетжунус Абыловдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Ал 20-февралга чейин камакта болот. Ага «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» айыбы тагылып жатат.

Эске салсак, 26-октябрда Абыловдун үйүндө тинтүү жүрүп, өзү кармалган.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.
Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 20-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.
Камакка алынгандардын 20га жакыны 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылууда.