• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кенжебек Бокоев: «Төө буурчактын бир дагы үрөнчүлүк чарбасы жок»

24 Тогуздун айы 2018 12:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.10.2018.Govori.TV.
Дыйкандар үчүн кирешелүү тармак болгон төө буурчактын бир дагы үрөнчүлүк чарбасы жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.
Эл өкүлү төө буурчак өлкө үчүн да кирешелүү тармак экенин айтып, анын үрөнүн өндүрүүгө тиешелүү министрлик көңүл бурбаганын сындады.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев бул боюнча Түркия мамлекети менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
“Биз бул боюнча түрктөр менен иштешип жатабыз. Төө буурчак үрөнчүлүгүн түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келечекте бул чарбаны түзөбүз”, — деди ал.

Количество просмотров: 23