“Next TVнын” постун талдаган лингвист президенттин атына шек келген деп эсептейт.
Лингвист Жийдегүл Семёнованын айтымында, постко жазылган “физрук” деген билдирүү Жапаровго багытталган.
Натыйжада сот “Next TVнын” маалыматын экстремисттик деп тапты.
Лингвисттер айтылган сөзгө талдоо кылып жатканда кайсы эрежелер менен иш кылаары суроо жаратып, кош стандарттуулукка айыпталышты.
2017-жылы ошол кездеги президент Атамбаев “сасык” деген сөздү колдонуп, сын айткан.
Атамбаевдин бул сөзү Өмүрбек Текебаев тууралуу болуп жатат деген “Ата Мекендин” юристтери сотко кайрылышкан.
Бирок, экспертизанын жыйынтыгы “сасык” деген сөздө кемсинтүү белгилели жок деп чыккан.
Бийлик өкүлдөрүнүн бири-биринин дарегине жат сөздөр менен сын айтуусу көнүмүш эле адат…
Жакында эле Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев белгилүү дарыгерлердин бирин “аферист”, бирин “лопух” десе, ал эми Башкы прокурорду “ким ал?” деп суроо салды.
Министрдин мындай жүрүм-туруму үчүн жоопко тартуу сунушталган, бирок эч көңүл бурулган эмес.
Ал эми адвокат Нурбек Токтакунов “соттор эч ким эмес” деген билдирүүсү үчүн 5 сутка камакта олтуруп чыккан.