• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кепшн видео: Коронавирус жуктуруп алсаңыз эмне кылуу керек?

30 Кулжа 2020 13:51 Бишкек Govori.TV

Бейтаптарды дарылоо алгоритми өзгөрдү.

Эгер бейтаптын дене табы 38 градустан түшпөсө, ПЦР-анализдин жыйынтыгын күтпөстөн ооруканаларга жеткирилет.

Коронавирус жукканына шек санасаңыз 

үйдөн чыкпай обочолонуу режимин сактаңыз. 

Бет кап тагынып, аны ар үч сааттан кийин алмаштырып туруңуз. 

Дене табыңызды текшерип, үй-бүлөлүк дарыгерлерге же 118, 112, 103 ыкчам байланыш номерлерине чалыңыз.

 Соңку эки жумада каякка барып, кимдер менен жолукканыңызды каттап коюңуз.

Бир бөлмөдө аз алдынча жашоого, үй-бүлө мүчөлөрү менен да байланышпоого аракет кылыңыз. 

Жеке буюмдарды — идиш-аяк, сүлгү, шейшеп жана башкаларды пайдалануу зарыл.

Бөлмөнү дезинфекциялап жана тез-тез желдетип туруңуз.

Үйдө өзүн-өзү дарылап жата берүү өтө кооптуу, муну өзгөчө өнөкөт оорусу бар адамдар эске алышы керек.

Эгер сизде коронавирустун эки-үч симптому болсо ыкчам байланышка чалгандан кийин мобилдик бригада келет.

Медиктер сизден тест алып кетип, жыйынтыгын айтат. 

Эгер сизде симптомдор байкалып, шектенүүдөн арылуу үчүн текшерилгиңиз келсе, жеке менчик лабораторияларга кайрылыңыз. Бул учурда тест тапшырууга акы төлөйсүз.

Белгилей кетсек, бул чыгарылыш «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 – Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну “Govori.TV” уюмунун жоопкерчилиги болуп саналат жана “Сорос-Кыргызстан” Фондунун көз карашын билдирбейт.

Количество просмотров: 267