Кепшн видео: Педофилдерди актап, мас абалда ишке келип… Соттордун чыныгы жүзү
8 Кулжа 202116:27 Бишкек Govori.TV
- Чүй облустук соттун төрагасы Дамирбек Оңолбековдун мас абалда иш бөлмөсүнө келгени коомчулукту таң калтырды.
- Видеону президент Садыр Жапаров жыйында көрсөттү.
- Көп узабай, Оңолбеков өз калоосу менен иштен кетүү тууралуу арыз жазды. Видео былтыр 4-июль күнү тартылганы белгилүү болду.
- Ичимдик ичип талкууга түшкөн судья сот тармагында 30 жылдан бери иштейт.
- Мурунку президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүн соттогон.
- Коомдо сотторго ишенбестик жана нааразычылыктар көп болот.
- Буга чейин Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүү эки кишини актаган чечим чыгарган.
- Бул коомчулукта резонанс жараткан.
- Кыргызстанда жашы жете элек кызды зордуктагандарды актаган учур буга чейин да катталган.
- Алсак, судья Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парктын» дааратканасында 13 жаштагы кызды зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгон.
- Коомчулуктун реакциясынан судья Айбек Эрнис уулу иштен бошогон.
- Сот тармагы уятсыз соттордон тазалана албай жатканы бүгүнкү күнгө чейин сынга алынып келет.
Подписаться:
Количество просмотров: 227