• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Керемет Банктын» төрагасынын орун басары камалды

23 Бештин айы 2022 10:36 Бишкек Govori.TV

“Керемет Банктын” төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев камакка алынды. Маалыматты Govori.TVга шаардык соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 2022-жылдын 16-декабрындагы чечими менен Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун жетекчисинин арызы канааттандырылган.

«Ал эми айыпталуучу Д.М.Кга карата баш коргоо чарасы 2 айга, башкача айтканда 2023-жылдын 14-февралына чейин  Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура ушул айдын башында “Керемет Банктын” айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Ишти козгоого Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон.

Количество просмотров: 633