• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

«Клооп Медианын» иши боюнча сот 3-ноябрга белгиленди

23 Тогуздун айы 2023 16:55 Бишкек Govori.TV

“Клооп Медиа” басылмасын жабуу боюнча алдын ала соттук угуу аяктап, кийинки жараян 3-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу “Клооп Медиа» социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, кийинки отурумда сот прокуратуранын “Клоопту” жабуу боюнча арызын карап баштайт.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон. Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин «Клооп Медиа» мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришүүдө. Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырышууда.

Количество просмотров: 69