• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ӨКМ аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү таратты

14 Жалган куран 2023 11:47 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 14-мартта абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138- чакакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымында(Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),;
Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунуну 1-14-чакырымында (Өтмөк ашуусу);
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113-чакырымында (Чапчыма ашуусу);
Красная Горка- Ак- Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында;
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 70-107-чакырымында;
Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305-чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);
Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу);
Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымында;
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу).
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Количество просмотров: 159