• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ӨКМ «Асман фонарын» учурууга тыюу салат

17 Бугу 2022 11:38 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Асман фонарын» учурууга тыюу салат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматта айтылгандай, борбор калаабыз – Бишкектин четинде 21-майда “Аба фонары” фестивалын уюштуруучулар шаар сыртына чыгып, жаратылыш койнунда түндөсү 2000ден ашуун кытай фонарын абага коё бермекчи.

«Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы жаратылыш койнунда болуп жаткан өрт кырсыктарын эске алуу менен асманга аба фонарларын коё берүү кооптуулугун маалымдайт! Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалындаган ачык от менен асманга фонарларды учу-рууга тыюу салат. Ачык от менен учкан фонарлар өрт кооптуулугуна жол ачат. Мисалга алсак, үйдүн шыбына, кургак чөбү бар бастырмага, жыгач курулуштарына, тоо койнундагы токойлорго, май куюучу станцияларга жана башка өрт коопсуздугу бар объекттерде түшүп, трагедия менен аякташы мүмкүн», — деп жазылат билдирүүдө.

Кошумчалангандай, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” тууралуу 275-беренесинде өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбаган учурда же этиятсыз болуусунан өрттүн чыгышына алып келс кандай жазаларга тартылаары ачык жана так жазылган. Ошондуктан КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы массалык иш-чараларды ачык жагылган отту колдонуу менен башкарылбаган учуучу фонариктерди колдонууга жана учурууга тыюу салат.

Количество просмотров: 86