Бир күндө үч адам сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу 4-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Нарын облусунда Жумгал районунун Кара-Кече тилкесинде жайгашкан каналга 15 жаштагы өспүрүм бала чөгүп кеткен.
Талас облусунун Манас районунда Чеч-Дөбө айылынын “Саратай” көлүнө 18 жаштагы жигит чөккөн. Окуя 3-июнда түштөн кийин болгон.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Бурана тилкесиндеги Кара-Суу суусунда 69 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө сак болууну эскертет.