• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ӨКМ: “Бишкек-Ош жолунда көчкү түшүшү мүмкүн”

16 Бирдин айы 2018 8:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16. 02. 2018. Govori.TV
“Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар, сак болуңуздар!”. Мындай эскертүүнү ӨКМнын өкүлү Абдышарип Бекилов Govori.TV аркылуу  жүргүнчүлөргө узатты.
Анын айтымына караганда, кечээ, 15-февраль күнү саат 19:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында көлөмү 1800м3, 2018-жылдын 16-февраль күнү саат 03:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 247-чакырымында көлөмү 1700м3 кар кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген эмес.
“Көчкүнү тазалоо үчүн №23 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 самосвал жана 3 кызматкер тартылып, Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында унаа жол тазаланып, саат 22:00дө эки тараптуу каттам ачылган. Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунун 247-чакырымында унаа жолу тазаланып, 16-февраль күнү саат 07:30да ачылды. Андыктан, бүгүн жол ачык, бирок, көчкү түшүүчү кооптуу аймактар бар. Андыктан, кан жолго сапарга чыккандар 500 метр аралыкты так сактап, сак болууңуздарды өтүнөбүз”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, 14-февралдын кечинен тартып, Кыргызстандын баардык аймактарында кар жааган. Кардың калыңдыгы айрым тоолуу аймактарда 70-80 сантиметрге чейин жеткен.
Количество просмотров: 22