• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ӨКМ чукул билдирүү таратты

18 Теке 202511:49 Бишкек Govori.TV

19-июлдан 20-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындан улам ӨКМ жарандарга кайрылып, бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болууну сунуштайт.

Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз түрдө 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат!

Количество просмотров: 227