• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

16 Бирдин айы 2024 11:35 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 16-17-18-февралында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

16-февралда күндүз, 17-февралда түнкүсүн көпчүлук аймактарда жана 17-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн.

18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн айрым жерлерде катуу жаан-чачын жаашы күтүлүүдө.

Электр чубалгыларына, бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 17-18-февралдарда айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт

Ошондой эле17-18-февралдарда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°, республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Количество просмотров: 1594