• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

30 Чын куран 202617:59 Бишкек Govori.TV

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, 30-апрель күндүн экинчи жарымында, 1-2-майына чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошондой эле 1-майдан 6-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба-ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусу жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 614