• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

10 Жалган куран 202217:44 Бишкек Govori.TV

11-марттан 15-мартга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

14-15-мартта абанын температурасы төмөндөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 6586