• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

14 Бугу 2022 9:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-майда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматкаылайык, 14-15-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 6810