• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

ӨКМ: Сууга чөгүп кеткен үч адамды издөө иштери уланууда

2 Аяк оона 202015:05 Бишкек Govori.TV

«Өлкө боюнча сууга чөгүп кеткен үч адамды издөө иштери уланууда», — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, 15-август күнү «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен. Күн мурун издөө иштерин улантуу максатында министрликтен 27 куткаруучу тартылган. Бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн улантылат.

Андан тышкары, Жайыл районунда 26-август күнү Сары-Булак айылында каналга 2017-жылы туулган кыз түшүп кеткен. Кечээ 13 куткаруучу издөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжа болгон эмес.

Ошондой эле Нарын облусундагы Чу дарыясына чөгүп кеткен 2013-жылы туулган баланы издөө иштери уланууда. Кырсык үстүбүздөгү жылдын 7-августунда катталган.

Количество просмотров: 195