• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Өкмөт башчы чек ара чырында курман болгондордун үй-бүлөсүнөн кабар алды

3 Бугу 20219:16 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон жарандардын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматыкабарлады.

Өкмөт башчы Сүйүн Тагаевдин жана Рашиддин Үсөн уулунун үй-бүлөсүнө барды.

«Биз оор жоготууга учурадык, өз мекенин коргоодо өмүрүн берген өлкөнүн чыныгы патриотторунан айрылдык. Биз аларды кайгыруу менен жоктойбуз, ушул тапта бүтүндөй өлкө жарандары кайгырып турат», — деди ал.

Премьер-министр шейит кеткендерге куран түшүрүп, мамлекет курман болгондордун үй-бүлөсүнө тийиштүү көңүл бөлүп, камкордукка алаарын белгиледи.

Количество просмотров: 169