• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өкмөт башчы: Үймө-үй кыдырып аныктоодо 35 адамдан вирус табылды, алар кантип жугузганын билишпейт

30 Чын куран 2020 12:28 Бишкек Govori.TV

Бул маалыматты премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев бүгүн, 30-апрелде парламентте билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, оорунун очогу болуп саналган 114 аймакта 805 миң адам текшерүүдөн өткөн. Алардын ичинен 35 адам коронавирус илдетин жугузганы аныкталган.

Анын айтымында, алар вирусту кайдан, кимден жуктуруп алышканын билишпей турганын билдирди.

Өкмөт башчы 1-майдан тартып үч баскыч менен ишмердүүлүгүнө уруксат берилген ишканалар санитардык талаптарды так аткарууга милдеттендирилгенин эскертти:

«Ар бир ишкана өзүндө иштеген жумушчулардын илдетке чалдыгышынын алдын алат. Эгер бир киши ооруса, аны менен кошо иштеген адамдардын обсервациясы жана башка чыгымдары ишкана жетекчилигинин мойнуна коюлат»​.

Кыргыз өкмөтү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-майдан тартып үч баскыч менен ишкана-мекемелердин ишке киришүү механизмин иштеп чыккан. Биринчи баскычтан ишке кирүүчү тармактарга өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода, тейлөө тармагы кирет.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларына, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондоруна өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелден тартып алардын катарына Нарын шаары менен Ат-Башы району кошулган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 28-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаарынан, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан өзгөчө абал алынды. Ал эми Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин узартылды.

30-апрелге карата Кыргызстанда СOVID-19 вирусуна 746 адам чалдыккан. 

Количество просмотров: 3957