• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өкмөт башчы Марипов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

21 Жалган куран 2021 12:24 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

Урматтуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан жалпыңыздарды күн менен түн теңелген учурга туш келген Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Нооруз майрамы байыртадан майрамдалып келет, бул майрам менен кошо жаратылыш жаңырат жана жалпыбызга жаратмандык тартуулайт. Ар бирибиз кыштын аякташын чыдамсыздык менен күтүп, күн нурлары мээримин төгүп, табийгат көркүнө чыккан мезгилди кубаныч менен тосуп алабыз.

Алдыда бизди өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жарандардын бакубаттуулугун арттырууга багытталган маанилүү экономикалык өзгөрүүлөр күтүп турат. Жалпы күч-аракетибиздин натыйжасында алдыга коюлган бардык максаттарга жетебиз деп ишенем!

Нооруз майрамы ар бир үйгө – кут-береке, ал эми өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак жана гүлдөп-өнүгүүнү алып келсин!

Майрамыңыздар менен, кымбаттуу мекендештер!

Количество просмотров: 107