• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту

23 Тогуздун айы 2019 16:52 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Өкмөт башчы Арсенди математика жана менталдык арифметиканы өздөштүрүү менен чоң-чоң жетишкендиктерге жеткени, ошондой эле эл аралык сынактарга жана олимпиадаларга ийгиликтүү катышуусу менен куттуктады.

Өспүрүм кезиңде эле көптөгөн телекөрүүчүлөргө таанылып, алардын жогорку баасына татыдың. Кичинекей кезиңде эле биздин мамлекеттеги өспүрүмдөргө эмгекти сүйүү жана тырышчаактык, билим алуу жана жаңы ийгиликтерди багынтуу жагынан үлгү боло алдың, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев Арсендин ийгиликтерге жетишүүсүнө салым кошкон апасына жана устатына ыраазычылык билдирди.

Биз мугалимдердин айлыгын 30%га көтөрүүгө жетише алдык, республика боюнча жаңы заманбап мектептер курулууда, окутуунун жаңы ыкмаларын киргизип жатабыз. Биз мындан ары да тийиштүү деңгээлде колдоого аракет кылабыз жана сен сыяктуу таланттуу балдарды тарбиялаган мугалимдерге дем берүү үчүн сыйлык берүүгө каражат таап жатабыз. Менин оюм боюнча, бул ата-энелер да, мугалимдер да колдоого алган эң маанилүү демилге, — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Арсенге албан-албан ийгиликтерди каалап, эстеликке кала турган белек тапшырды.

Количество просмотров: 409