Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өсүмдүк майы менен кумшекер базар баасынан төмөн баада сатылат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн, 23-апрелде Фейсбуктагы баракчасындагы түз эфир учурунда билдирди.
Марипов Орусиядан 392 тонна өсүмдүк майы келгенин кабарлады.
«Өкмөт өсүмдүк майын жана кумшекерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө базар баасынан төмөн берүүнү мерчемдеп жатат»,-деди Марипов.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүшү 3,2 пайызды түзгөн. Ушул мезгил аралыгында, кумшекер 19,3 пайызга, картошка-14,0 пайызга, тооктун жумурткасы-14,0 пайызга, жашылчалар-14,0 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майлары-9,4 пайызга, эт- 3,6 пайызга, нан- 2,3 пайызга болгон баалар өстү.