• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өкмөт башчы: Өнүккөн коомдо зомбулукка жол берилбеши керек

12 Бирдин айы 2021 17:31 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Ички иштер министрлигинин 2020-жылдын жыйынтыгын чыгаруу жана үстүбүздөгү жылга карата артыкчылыктуу милдеттерин талкуулоо боюнча коллегиялык жыйынга катышты.

Улукбек Марипов өз сөзүндө үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө маселесине токтолду.

«Зомбулуктун ар кандай фактылары – адам укугунун негиздерине каршы келген кылмыш. Өнүккөн коомдо мындайга жол берилбеши керек. Зомбулуктун ар түрдүү фактылары, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук да укук коргоо органдарынын көңүлүнөн четте калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке иши катары кабылданбашы зарыл. Мындай фактылар жашырылбастан, коомчулук мындай көрүнүштөрдү жектөө менен кабылдоого тийиш», — деп белгиледи ал жана аталган маселе боюнча учурдагы мыйзамды кайрадан карап чыгуу зарылдыгы бар экендигин кошумчалады.

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигинин санариптештирүү алкагындагы ишин белгилеп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин түзүлүшүнө, ошондой эле «Түндүк» жана «Коопсуз шаар» тутумунун ишине оңдуу баасын берди.

Премьер-министр эскерткендей, 2020-жылы Өкмөттүн чечими менен укук коргоо орган кызматкерлеринин айлык акысы 40%га жогорулаган жана социалдык колдоо көрсөтүү, анын ичинде милиционерлер үчүн көп квартиралуу үйлөрдүн курулушу, ошондой эле облустук ички иштер органдарынын имараттарын модернизациялоо иши улантылат.

Жыйынтыгында Премьер-министр Улукбек Марипов ички иштер органдарынын кызматкерлери калктын коопсуздугун жана укук тартибин камсыздоодо натыйжалуу жана акыйкат иш алып баруу менен милиция органдарына карай ишеним деңгээлин жогорулатуу үстүндө күн сайын иш алып баруусу керектигин белгиледи.

Количество просмотров: 255