• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өкмөт башчы: Республикалык бюджеттин кирешеси – 135,5 млрд, чыгашасы – 141,9 млрд сомду түздү

13 Жетинин айы 2019 15:51 Бишкек Govori.TV

Республикалык бюджеттин кирешеси – 135,5 млрд сомду, чыгашасы – 141,9 млрд сомду түздү. 2017-жылга салыштырмалуу өсүш 5% болду. Бул тууралуу Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда жыйынында билдирди.

2018-жылы бюджеттин дефицити ИДПга карата 1,2%ды түздү. Бул абдан жакшы көрсөткүч болгон. Жалпысынан тартыштык 6, 46 млрд.сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу дефицит 10,9 млрд сомго, же 3 эсе азайган. 2017 -жылы дефицит – 17 млрд 377 млн сом болгон , — деди Абылгазиев.

Мындан сырткары, премьер-министр Абылгазиев тилекке каршы акыркы мезгилде өлкө аймагында бир катар оор кылмыштар катталганын моюнга алып, бирок жалпы абал туруктуу экенин белгиледи.

Количество просмотров: 63