• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өкмөт башчы ЖКга БШКнын төрт мүчөсүн чакыртып алуу жөнүндө кат жөнөттү

21 Тогуздун айы 2020 13:38 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттин квотасы менен шайланган төрт мүчөсүн чакыртып алуу жөнүндө кат жөнөттү. Бул тууралуу 21-октябрдагы жалпы жыйында парламент төрагасы Канатбек Исаев билдирди.

Төрага мамлекет башчынын бул өтүнүчүн парламенттин комитети он күн ичинде, бирок жети күндөн эрте эмес убакыт аралыгында карап чыгышы керек деген норма бар экенин эскертти. Ошондуктан, Исаевдин айтымында, кат тийиштүү комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.

Депутат Талант Мамытов коомдук талкуу да болушу керек экенин, фракциялар жана комитеттер карашы зарыл болорун айтты.

БШКнын 12 мүчөсү бар. Аларды беш жылдык мөөнөткө Жогорку Кеңеш тандап, бекитет. Талапкерлерди төрт кишилик квота менен парламент, президент жана жарандык коом көрсөтөт.

Количество просмотров: 69