• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өкмөт: Бекназаровдун «Жерүй» боюнча айткан акыркы билдирүүсү толугу менен чындыкка дал келбейт

8 Тогуздун айы 2019 18:22 Бишкек Govori.TV

Азимбек Бекназаровдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев элдик курултайдын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда «Альянс Алтын» компаниясындагы мамлекеттин үлүшү тууралуу маселени карап чыгууну убада кылды деген билдирүүсү толугу менен чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирет.

Чындыгында, Мухаммедкалый Абылгазиев элдик курултайдын демилгеси менен анын өкүлдөрү жана Азимбек Бекназаров менен жолугушкан, анда Кумтөр боюнча жаңы келишим, Жерүйдүн ишмердүүлүгү жана башка маселерди талкуулаган. Өкмөт башчы Кумтөр боюнча түзүлгөн стратегиялык келишимдин артыкчылыктары, өлкө үчүн кандай пайда алып келгенин, ошондой эле тоо кен өндүрүшү тармагында Өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу айтып берген.

Бирок Азимбек Бекназаров премьер-министрдин тоо кен ишканаларындагы мамлекеттин милдеттүү үлүшү жөнүндөгү сөздөрүн таптакыр туура эмес чечмелеген. Ооба, мындай ыкма бүгүнкү күндө активдүү колдонулууда, себеби, дал ушундай үлгү тоо кен тармагына өз капиталын салып жаткан инвесторлор үчүн кепилдик болуп берет, жергиликтүү эл менен инвестордун мамилесин турукташтырууга, конструтивдүү жолго багыт алууга шарт түзөт. Бул ыкманы премьер-министр инвестор үчүн да, мамлекет үчүн да туура жана экономикалык жактан пайдалуу деп эсептейт. Мындай принцип боюнча Алтынкен, Терек-Сай, Макмал кендери иштеп жатат. Премьер-министр дал ушуларды айткан.

Жерүй боюнча айтсак, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2015-жылы өткөн сынакта «Восток-геолдобыча» ААК пайдалуу шарттарды сунуштап, жеңүүчү аталган. Компания сынактын шарттарына ылыйык, Кыргыз Республикасынын бюджетине 100 млн АКШ долларын төлөгөн жана «Альянс Алтын» ААКтын – компаниянын карамагына катталган. Кийинчерээк Россия Федерациясы менен Жерүйдү өздөштүрүү долбоорун өнүктүрүү боюнча кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлган. Ага Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган сапарында жетишилген жана инвестиция чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын натыйжалуу үлгүсү катары кызмат кылууга багытталган.

Андан бери компания Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, учурда кызматташтыктын бардык шарттарын өз учурунда аткарууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев дагы элдик курултайдын өкүлдөрү менен жолугушканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматташтыктын бардык шарттарывн так сактоого умтулат, анткени бул өлкөнүн инвестиялык климаты үчүн өзгөчө мааниси бар. Муну менен катар Өкмөт Жерүйдөгү бардык экологиялык жана техникалык нормалардын аткарылышын өзгөчө дыкаттык менен көзөмөлдөп жатат. Ишканада миңден ашык жумуш орундарын түзүү пландалды, анын 90% кыргызстандыктар түзөт. Долбоорду жүзөгө ашырууда жергиликтүү эл менен өз ара пайдалуу кызматташууга өзгөчө маани берилет. Өкмүт бул багытта ырааттуулукту жана жетишилген келишимдин шарттарын так сактайт.

Количество просмотров: 214