Бишкек. 25.10.2018. Govori.TV
Бүгүнкү комитетте депутат Алмазбек Эргешов Бишкек ЖЭБинин жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу сурады.
“Өкмөт 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык кандай? Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилине даярбы? Жергиликтүү көмүргө өткөрүү маселеси көтөрүлдү эле, эмне иштер аткарылды, канча пайыз көмүр жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн алынат?” — деди Эргешов.
Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБи жылытууга даяр экенин билдирди. “ЖЭБ бүгүнкү күндө жылытуу мезгилине даяр. 18-октябрдан тартып жылуулук бериле баштады. Химиялык тазалоочу цех боюнча 1-октябрда жаңы тетиктер коюлуп бүттү. 6 миллион доллар жумшалды, ал каражат 386 миллион доллардын ичинен сарпталды. Бүгүнкү күндө 60 пайызы — жергиликтүү көмүр. Анын 55 пайызы Кара-Кече көмүрү, 5 пайызы Таш-Көмүрдүн көмүрү. Ал эми көмүрдүн 40 пайызы Казакстандан келген”, — деди Боронов