• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өкмөт депутат Зулушевди «популист» деп атады

29 Жалган куран 2018 16:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.03.2018.Govori.TV

Өкмөт депутат Курманкул Зулушевдин «популистик» дооматтарына маани бербейт. Бул тууралуу премьер-министрдин кеңешчиси Гульнура Төралиева билдирди.

«Өкмөт банкрот болушу мүмкүн эмес. Анын бир себеби казынанын кирешеси 25.3 пайызга өстү. Акыркы айлары Кыргызстанда биринчи жолу бюджетте профицит боло баштады.
ТЭЦтин тегерегиндеги чуру-чуу боюнча өкмөттүн үн катпай жаткандыгына Төралиева төмөнкүдөй пикирин билдирди.
«ТЭЦке байланыштуу маселе боюнча. Өкмөт башчы Сапар Исаковдун демилгеси менен укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады. Кумтөр боюнча биз коомчулук менен диалог түзүлүүдө. Бирок адистер менен кеңешебиз. Популисттер менен иш алып барбайбыз дейт,-Гульнура Төралиева.     
Ошондой эле Торалиева депутат Курманкул Зулушевге дагы мүнөздөмө берип өткөн.
Өзү судья болуп жүрүп тазалыгын көргөзө албаган адам кантип коррупция тууралуу ой жүгүртуп жатканы таң калтырат. Ал убагында чуулу иштерге аралашып жургөн. Зулушевдин айткандарынын баардыгы үстүртөн. Ал кимдин буйругун аткарып жатканын жакшы билебиз. Ошондуктан айтышкыбыз дагы келбейт деди,-премьер-министрдин кеңешчиси. 
Эскерте кетсек кече Жогорку Кеңештин жыйынында «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев өкмөттүн дарегине бир катар сындарды айтып, Сапар Исаков саясий банкрот болгонун айткан.

 

 

 

Количество просмотров: 25