Тест тапшыруунун жыйынтыгында өкмөт үйүндөгү айрым кызматкерлер коронавирус жуктурган болушу мүмкүн деп шектелүүдө.
Маалыматты тактоо иретинде президенттин администрациясына байланышканыбызда илдет жуктурган кызматкерлердин саны такталып жатканын билдиришти.
«Так саны тууралуу маалымат берилет»,-деп билдиришти администрациядан.
Белгилей кетсек, өлкөдө таажы илдетин жуктургандардын саны кескин көбөйдү. 10-январга карата коронавирус 198 кишиге жукту, бир адам каза болду. Вирустан жалпысынан 2 819 киши көз жумду. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда. Азыркы тапта ооруканада 459 адам жатат, үйүнөн 952 киши дарыланууда. Акыркы айларда каза болгондордун дээрлик бардыгы вируска каршы эмделбегендер экени аныкталууда.