• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Өкмөт: Жапаровдун ден соолугу тууралуу айтылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт

15 Тогуздун айы 202015:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн өкмөт башчынын маалымат катчысы Дастан Дүйшекеевге таянып бир топ маалымат каражаты Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаровдун бүгүнкүгө пландалган жолугушуусу болбой калганын жазышкан. Буга Садыр Жапаровдун өзүн жаман сезип жаткандыгы себеп болгону кабарланган.

Ал арада, өкмөттүн маалымат кызматы кабар таратып, Жапаровдун ден соолугу калыбында экеинин билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаровдун ден соолугу тууралуу айтылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров учурда иш ордунда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 59