Садыр Жапаров саясий күчтөрдүн башын бириктирүүгө аракет кылат. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Ошондой эле, жаш кадрларды өкмөткө тартуу маселеси боюнча суроого ал бардыгын алмаштыруу үчүн убакыт талап кылынарын айтты.
«Кырдаалды турукташтыруу максатында биз ушуга бардык. Кудай буюрса, жакында өзгөрөт. Билими жетиштүү болсо, тармакты тарта алышса жаштарды кошобуз», — деди ал.