• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өкмөттүн “чимкириги” чубалган жок

21 Бештин айы 2017 18:05 Бишкек Govori.TV

Бир буту парламентте,  бир буту өкмөттө турган Аскарбек Шадиев мыйзам чыгаруу бутагынан аткаруу бийлигине сый мамиле кылууну суранды.

“Айрым депутаттар жөлөк пулга каражат таппай, өкмөттүн чимкириги чубалат деп жатат. Мындай сөздү айтпай эле койсок. Кичине бири-бирибизге сый мамиле кылсак»,-деди Аскарбек Шадиев.

Эскерте кетсек бүгүн парламентте “Жөлөк пул”, “Сүйүнчу пул”  тууралуу мыйзам талкууланып, казынадагы каражаттын тартыштыгынан улам, бул мыйзамдын аткарылышын үч айга артка жылдырууну өкмөт парламенттен суранып келген. Ошондо депутаттар үч ай бат эле өтөөрүн, ошондо дагы өкмөт каражат таппай чимкириги чубалаарын айтышты.

Количество просмотров: 18