• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өкмөттүн тагдыры КСДПнын колундабы…

8 Бирдин айы 2019 18:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.02.2019. Govori.TV.

КСДП фракциясы Өкмөттү отставка кетирүү маселесин көтөрдү. Аталган фракцияны Өкмөттүн инвестиция жаатындагы иш аракети канааттандырган жок.

Министр Панкратов түз инвестициянын кыскарышына  жер маселесинин чечилбей жатышын, энергокубаттуулуктун начардыгын, Кыргызстан жоопкер болуп жаткан эл аралык талаш маселелер жөнгө салынбагандыгын, сапаттуу инвестициялык сунуштардын, долбоорлордун жоктугун, инфраструктуранын начардыгын, айтор бизде болгон кемчиликтерди санады. Фракция лидери Иса Өмүркулов Олег Панкратовдун баяндамасына ыраазы болгон жок. 

 Расмий маалыматтарды карасак, өткөн жылы Кыргызстанга кирген инвестициянын көлөмү 33% кыскарган. Ал эми өлкөдөн чыгып кеткен капиталдын көлөмү тескерисинче 22% өскөн.

Кыскасы, кубана турган жагдай аз. Депутат Рыскелди Момбековдун пикиринде, Кыргызстандан чыгып кеткен каражаттар Финансылык чалгындоо кызматынын банк кутучаларын текшерүүгө аракет кылганы себеп болгон экен.Тактап айтканда, Зилалиевдин окуясы далай байларды ойлонткон десек болот.

 Рыскелди Момбеков ошондой эле инвестицияга караганда Шадиевдин конфискацияланган мүлкү көбүрөөк экенин айтты.

Депутат Айнуру Алтыбаева экономика министри Олег  Панкратовдун экономикалык билими жок экендигин айтып кесиптештери аны колдоду.

Ошентип Өкмөттүн экономиканы өнүктүрүү, инвестиция тартуу ишинде аракеттери канааттандырарлыксыз деп баалаган КСДП фракциясы  Өкмөттү отставка кетирүү керектигин айтышты.

Бул аралыкта Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун коллегиялык жыйынына катышып, 2018-жыл экономика үчүн объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, ийгиликтүү болгондугун жобурады.

 Өкмөттүн отставкасын каалагандар көп. Кызыгы, кайра эле  КСДП түзөт. Демек бир Абулгазиев кетсе экинчи Абулгазиев, бир Панкратов кетсе экинчи Панкратов келет эмеспи. Ошондуктан, экс-президент менен учурдагы президент чыккан, учурда ит арка болуп турган  КСДПнын Өкмөттү отставкага кетирүү сунушу ишке ашса деле айырма жок болчудай.  

Количество просмотров: 63