• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

ӨКМ: Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

2 Бештин айы 202210:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаап өткөн жаан-чачын, карга байланыштуу бүгүн, 2-декабрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-231-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 168