• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

ӨКМ жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат

3 Жалган куран 202413:18 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Ведомстводон белгилешкендей, муздун үстүнө кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда чыкпоо зарыл.

Мындан тышкары,

  • көлмөнүн үстүнө тоңгон муздун үстүнө эч качан жалгыз барбаңыз, муздун калыңдыгын текшерүү үчүн бутуңуз менен тепкилебеңиз;
  • кар астындагы музда сизге көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот. Атүгүл эшиктеги сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, ал жарылып кетиши толук мүмкүн;
  • калыңдыгы 5 см муз чоң кишини көтөрө албайт;
  • ал эми 10 см болгон муздун үстүндө балык уулоого болот. Бирок муз үстүндө басууга болбойт;
  • 12 см калыңдыктагы музда кар унаасы (снегаход) 20-30 см музда жеңил унаа, калыңдыгы 30-38 см болгон музда жүк ташуучу унаа жүрө алат.
Количество просмотров: 94