Бишкек.29.12.2017.Govori.TV
Вести.кж сайты ӨКМдин орун басары Калыс Ахматов кол алдында иштегендерге кол көтөрөрүн жазып чыкты.
Вести.кжге өрт өчүрүү кызматынын мурдагы кызматкери Нурманбет Мырзакановдун айтканы боюнча министр орун басары иштеги маселелрди чечүүдө муштум менен чечүүнү туура көрөт.
Мырзакановдун айтуусунда иш өргүүгө чыгуу үчүн арыз жазганга келгенде Ахматов аны эмне үчүн форма кийбейсиң деп конфликт болгон. Мырзаканов иште эместигин, болгону өргүүгө чыгуу үчүн арыз жазганга келгенин айтканда Ахматов бетке чаап жана дагы эки-үч жолу муштаган. Полковник Кубанычбек Барганалиев жана Замирбек Ажыгулов күбө болгон дейт.
Ахматовдун чоң муштумдугун өрт өчүрүү кызматынын атын атагысы келбеген башка кызматкерлери дагы айтып беришкен.
Ал эми ӨКМ бул окуяга кийинчерээк маалымат берерин айтса, Ахматов менен байланышуу мүмкүн болгон эмес.