• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

КМШ байкоочулары «шайлоо ачык жана атаандаштык негизде өткөнүн» айтышты

5 Тогуздун айы 2020 11:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы парламенттик шайлоого көз салган Шериктеш мамлекеттердин байкоочулары 5-октябрда өз баасын беришти. КМШ байкоочулары «бардык партияларга шайлоо өнөктүгү, үгүт учурунда бирдей шарт түзүлүп берилди. Маалымат каражаттары аркылуу программаларын тааныштырууга бирдей мүмкүнчүлүк алышты» деп билдиришти.

КМШ Байкоочулар миссиясынын өкүлү Виктор Глуминский шайлоого талапкер катары катышуудан БШК тарабынан четтетилген эки партия: «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары жеңишке жетишкени өлкөдө шайлоо калыс жана таза өткөнүн көрсөтүп турат деп айтты.

КМШ байкоочулары шайлоо автоматтык саноо системасы аркылуу өткөнү — аны таза өтүүсүнө шарт түзгөнүн белгиледи. Байкоочулар миссиясы шайлоодогу мүчүлүштүктөр тууралуу айтып, добуш берүүчүлөрдүн дарегин алмаштыруусун мисал келтирди. Миссия буга байланыштуу сунуштарын Боршайкомго бермекчи.

14-сентябрдан бери Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн 151 байкоочусу Кыргызстандын бардык аймактарында иштеп жатат.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо мыйзамдарга ылайык, ачык жана таза өткөнүн Парламент аралык ассамблеянын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Мухтар Ирман да кошумчалады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан «Ата Мекен», «Республика», «Ыйман Нуру», «Бир Бол» жана «Реформа» партиялары жыйынтыкты тааныбай турганын билдиришүүдө.

Количество просмотров: 41