• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтү 15-октябрда аяктайт

2 Тогуздун айы 2019 18:58 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кезектеги жыйынын өткөрүштү.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков белгилегендей, өткөн жумада комиссиянын өкүлдөрү менен Кой-Таш айылынын  жана бир катар жакынкы айылардын жашоочуларынын жолугушуусу өттү. Анда болуп өткөн окуялар тууралуу маалыматтар угулуп, алардын даттануулары, сын-пикирлер жана сунуштар белгиленди.

Ошондой эле вице-премьер-министр билдиргендей, 15-октябрда Мамкомиссиянын иш мөөнөтү аяктайт.

Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ар кандай оордукта жаракат алган жарандарга көрсөтүлгөн медициналык жардам жана колдоо жөнүндө билдирди.

Мындан тышкары Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Метеров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскердик-медициналык кызматынын жетекчиси Назира Жанакеева маалымат беришти.

Мындан тышкары комиссиянын мүчөлөрү ИИМдин атайын багыттагы полкунун жетекчиси Аскат Султаналиевдин маалыматын угушту.

Количество просмотров: 68