• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кой-Таш: Атамбаевдин туулган күнүн тарапташтары белгилөөдө (Түз эфир)

17 Аяк оона 2021 12:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-сентябрда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө анын тарапташтары, жакындары, партиялаштары чогулду.

Алардын арасында уулдары Сеид Атамбаев, Кадыр Атамбаев, туугандары, өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, политолог Токтогул Какчекеев, «Социал-демократтар» партиясынын лидерлеринин бири Темирлан Султанбеков бар.

Программа боюнча, архивдеги видеоматериалдар көрсөтүлүп, Алмазбек Атамбаев авторлук кылган ырлары жаңырууда.

Белгилей кетсек, 17-сентябрь- мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Ал 65 жаш курагын абакта өткөрүп жатат.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. Аны өткөн жылдын 23-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга эркинен ажыраткан. Ошондой эле 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу иши сотто каралууда.

Количество просмотров: 1181