• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кой-Таш боюнча түзүлгөн комиссия күч органдарынын маалыматын угат

6 Аяк оона 2019 11:11 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков комиссия мүчөлөрүн иштин регламенти жана жыйындын күн тартиби менен тааныштырды.

Мамкомиссиянын мүчөлөрү 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялардын себептерин жана шарттарын иликтөө боюнча эки жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышты.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматын укту.

Кийинки жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевдин маалыматы угулат.

Количество просмотров: 64