• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кой-Таш боюнча талкууда бир эле Матраимов уялганынан үн катты

10 Бештин айы 201919:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия корутундусу талкууланды.

Маселен, эл өкүлдөрүнүн ичинен бирөө да чакырылган комиссия менен өкмөт мүчөлөрүнө суроо узатпай, 15 мүнөттүн ичинде маселени карап жаап коюшту. Депутат Искендер Матраимов суроо береби десе, ал дагы жөн гана сунушун киргизди.

Натыйжада, вице-премьер минстр Жеңиш Разаков Кой-Таш окуясынан улам эч бир аткаминер кызматтан кетпей турганын билдирди.

Количество просмотров: 164