• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы: Сот отуруму кайра жылды

21 Тогуздун айы 2020 9:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум айыпталуучулардын биринин жактоочусу ооруп калгандыгына байланыштуу жылды. Бул тууралуу Govori.TVга жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Жактоочунун айтымында, кийинки соттук отурум качан боло турганы белгисиз, кошумча маалымат берилет.

«Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда өтчү Кой-Таш окуясы боюнча отурум жактоочулардын бири сыркоолоп калганыдыгына байланыштуу кийинкиге жылды. Кийинки соттук териштирүү качан боло турганы азырынча белгисиз»,-деди Слесарев.

Эске салсак, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

КР Башкы прокуратурасы билдиргендей, Башкы прокуратура КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 252-беренесине ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынан түшкөн, Атамбаев А.Ш., Ниязов Ф.А., Карамушкина И.Ю., Кодуранова А.С., Жээнбеков Р.Б., Мискенбаев М.Д., Жолдубаева К.А., Сагымбаев К.Р., Шаменов М.Т., Карыпбек уулу Р., Баабиев Ф.Ж., Осмоналиев К.А., Капарбек уулу Н. жана Какебаев А.Э. Кылмыш кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү), 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-берене (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-берене (Барымтага алуу), 264-берене (Массалык башаламандыктар), 130-берене (Адам өлтүрүү), 39 жана 130-берене (Адам өмүрүнө кол салуу), 253-берене (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-берене (Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренелеринде (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысы тиркелген 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши менен таанышып чыгып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Количество просмотров: 60