Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча отурум 25-майга жылды.
Маалыматка ылайык, отурумдун жылышына айыпталуучу А.Атамбаев саламаттыгына байланыштуу жыйынга келбегендиги себеп болгон. Андан сырткары, иштин кароо мөөнөтү жана баш коргоо чарасы 2 айга, тактап айтканда, 18-июлга чейин узартылды.
Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган. 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.