УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн Кой-Таштагы үйүнө баргандагы видео тарады. Аталган видеону Sputnik Кыргызстан агенттиги жарыялады.
Видеодон мурдагы президенттин үйүнүн айланасында аскер кызматкерлеринин жүргөнүн көрүүгө болот.
Мындан көп узабай, массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча Алмазбек Атамбаев кармалганы тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымат таратты.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын август айында дагы Алмазбек Атамбаев дал ушул үйүндө атайын операциянын негизинде кармалган болчу.