• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кой-Ташта жаракат алган Курманкулов атайын аппараттын жардамы менен сүйлөп жатат

8 Тогуздун айы 2019 13:56 Бишкек Govori.TV

Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкулов атайын аппараттын жардамы менен сүйлөп жатат. Бул тууралуу АКИpress агенттиги жазды.

«Самат Курманкулов Москва шаарындагы реабилитациялык борборлордун биринде дарыланууну улантып жатат. Оң динамика байкалууда», — деп айтылат маалыматта.

12-сентябрда Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунан реабилитациялык борборго которулган.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, С.Курманкуловдун саламаттыгында оң динамика байкалып жатат. Бирок толук калыбына келүү үчүн убакыт керек.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таштан баш мээсинен жаракат алган. Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунан ага эки жолу операция жасалган.

11-августта Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунда Самат Курманкуловдун абалы боюнча дарыгерлердин кеңешмеси өткөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун адистери — Полупан Александр Александрович жана Латышев Ярослав Александрович катышкан. Кеңешмеде аны Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которуу чечими кабыл алынган.

Количество просмотров: 291