• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча комиссиянын иши узартылды

24 Аяк оона 2019 9:55 Бишкек Govori.TV

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү 15-октябрга чейин узартылды.

Комиссиянын бир катар мүчөлөрү комиссиянын кийинки көчмө жыйынын Жогорку Кеңештин имаратында өткөрүүнү сунушташты. Мында депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова менен жолугушуу күтүлүүдө. Бул сунуш комиссиянын өкүлдөрү арасында колдоо тапты.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Количество просмотров: 47