• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Конгодо киши көп жашаган аймакка учак кулап, 24 адам каза болду

25 Жетинин айы 2019 16:19 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 24-ноябрда Конго Демокартиялык Республикасында учак кулап 24 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышкан.

Маалым болгондой, учак аэропорттон алыс эмес Конгонун чыгыш тарабында жайгашкан Гома шаарынын киши көп жашаган аймагына кулап, өрт чыккан. Жүргүнчүлөрдү ташуучу учакта экипаж кызматкерлерин эске алганда 24 адам болгону айтылууда. Куткаруучулардын айтымына караганда, кырсык болгон аймактан 24 адамдын денесин табышкан. Учурда каза болгондордун өздүгү такталууда. Каза болгондордун арасында аймактын жашоочулары дагы бар экени белгилүү болду.

Азырынча учактын эмне себептен кулаганы аныкталууда. Учак “Busy Bee” жергиликтүү авиакомпанияга тиешелүү болгон.

Булак; Барс мэдиа

Количество просмотров: 47