• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Конордун күйөрмандарынын бири чачын кырдырса, экинчиси жылаңач дүкөн кыдырды (видео)

8 Тогуздун айы 2018 13:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.10.2018.   Govori.TV

Кечээ 7-октябрдагы беттеште Россиялык  Хабиб Нурмагомедов Ирландиялык  Конор Макгрегордун үстүнөн жеңишке жетип, чемпиондук курун сактап күйөрмандарын чоң кубанычка бөлөдү.  Ал эми бул эки  таанымал мушкердин  кыл чайнашкан мушташын  спорт сүйүүчүлөрү «ким жеңет?»- деген суроонун тегерегинде талашып-тартышкан.

Бул  мушкерлердин беттеши  бир нече айдан бери Кыргызстандыктардын дагы талкуусунан түшпөй, бири Конор  чемпион болот десе,көпчүлүгү Хабиб жеңишке жетет дешип өз ара талкуулап, эки жаатка бөлүнүп, мелдешип дагы жиберишкен. Бул туурасында  кызыктуу видеолор интернетке тарады. Эң кызыгы алар жеңилип калган Конордун күйөрмандары. Айткан сөздөрүнө турушуп, «Пацан сказал , пацан сделал»-дешип,  бири жылаңач соода түйүндү кыдырып чыкса, ал эми экинчиси чачын  кырдырып  интернетке жүктөдү.

https://www.instagram.com/p/Boo0mGMHQtB/

https://www.facebook.com/nurmat.dzhantaev.7/videos/2138736183055241/

Количество просмотров: 28