• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Реформа» партиясы ЖКнын шайлоону жылдыруу чечимине каршы Конституциялык палатага кайрылды

28 Тогуздун айы 2020 15:11 Бишкек Govori.TV

«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылды. Бул тууралуу арыз 28-октябрда берилгенин партиянын өкүлү Рита Карасартова маалымат жыйында билдирди.

«Аталган мыйзам Конституциянын бир нече беренесине дал келбейт. Жогорку Кеңеш үч окуудан дароо өткөрүп, 20-декабрда боло турган шайлоону кийинки мөөнөткө жылдырып койгон. Бул Конституцияны жана башка көптөгөн мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынган деп Конституциялык палатага кайрылдык», — деди Карасартова.

Эске салсак, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, нааразылык акцияларынан кийин, 9-октябрда Боршайком анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Шайлоо ыплас өткөнүн билдирип чыккандардын митинги башаламандыкка айланып, 6-октябрда өлкөдө бийлик алмашкан. 22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган. Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров сөз болуп жаткан конституциялык мыйзамга парламент кабыл алган күнү, 22-октябрда кол койгон.
Ага ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

Количество просмотров: 33