• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Коомдук транспортто чөнтөк уурулук кылган шектүүлөр кармалды

23 Үчтүн айы 2024 14:12 Бишкек Govori.TV

Коомдук транспортто бир катар чөнтөк уурулук фактысына шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 18-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге М.К. аттуу жаран, аталган күнү саат 20:40 чамасында Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кичи автобустардын биринин салонунан 15 миң сомду түзгөн “Redmi9” маркасындагы уюлдук телефонун чөнтөгүнөн жашыруун уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

«Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1997-жылы туулган Д.Д., 2001-жылы туулган Н.А жана 2000-жылы туулган К.Б аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту шектүүлөргө карата Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады», — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдөн мурда кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефон табылып, алынган.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Количество просмотров: 141